Гаитиде болгон жер титирөө
14 - августта Гаитиде болгон жана 2 000ден ашуун адамдын өлүмүнө себеп болгон жер титирөөдөн кийин тамак - аш жана гигиеналык материалдарга муктаждыктар болууда.
14 - августта Гаитиде болгон жана 2 000ден ашуун адамдын өлүмүнө себеп болгон жер титирөөдөн кийин тамак - аш жана гигиеналык материалдарга муктаждыктар болууда.
БиБиСинин кабарына караганда Гаитинин саламаттыкты сактоо фондунан Надеша Мижоба берген маалыматында саламаттыкты сактоо боюнча бир апаат менен бетме - бет келиши мүмкүн экендигин белгилеп, буга карата даярдыктарды көрүшкөндөрүн айтты.
Мижоба : «Санитария абдан орчундуу абалда. Холера эпидемиясы чыгышы мүмкүн»,- деди.
Гаитиде тамак - аш кыйынчылыгы болуп, жардам мекемеси Food For The Poorдан берилген маалыматта мекеменин тамак - аш жана суу ташыган 4 жүк ташуучу машинасынын кечээ өлкөнүн түндүгүндө талоонго учурагандыгы кабар берилди. Маалыматта талоон учурунда эч кимдин зыян тартпагандыгы билдирилип : «Food For The Poor бул коркунучтуу трагедиядан таасирленгендерге жадам берүү миссиясын улантат»,- деп белгиленди.
Гаити жакындарында 14 - августта болгон 7, 2 баллдык жер титирөөдө 2 189 киши каза болуп, 12 268 киши жаракат алган.
100 000ден ашуун үй кулап же зыян тарткан жер титирөөдө 300дөн ашуун жоголгон кишини издөө – куткаруу иштери жүргүзүлүүдө.