Арап коалиция күчтөрү Мариб шаарына кол салды

Каза болгондордун арасында бир ирандык аскердик адис да бар.

1694953
Арап коалиция күчтөрү Мариб шаарына кол салды

Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы арап коалиция күчтөрүнүн Йемендин Мариб шаарына жасаган абадан кол салуусунда 10 киши каза болду.  Алардын ичинде бир ирандык аскердик адис да бар.

Йемен маданият жана информация министри Муаммер ел  -  Эряни берген жазуу түрүндөгү маалыматында Марибдин батышындагы жана хусилердин көзөмөлүндөгү Сурвах фронтуна арап коалиция күчтөрү жасаган абадан кол салуусунда ирандык адис Хайдар Сиржан жана жанындагы 9 хуси куралдуу кишилеринин өлтүрүлгөндүгүн жарыялады.

Ирандык аскердик адис Сиржандын май айында Марибге жасалган абадан кол салууда каза болгон, Хизбуллах  аскердик адиси Мустафа ел  -  Гарравинин ордуна келгендигин белгилеген Эряни, каза болгон Синжардын куралдуу күчтөрдү машыктырып, согуштук тактикаларды даярдагандыгын билдирди.

Ирандын чыңалууну күчөтүү, тынчтык аракеттерине  карата тоскоолдуктарына көңүлдөрдү буган Эряни БУУнун Коопсуздук Кеңешин Тегеран башкаруусунун Йеменге ачык түрдө кийлигишүүсүнө каршы чечкиндүү мамиле кылууга чакырды.

Эрянинин билдирүүлөрү тууралуу Иран менен хуси фронтунан азырынча бир билдирүү келе элек.

 

 



Тектеш кабарлар