Путин менен Меркелдин жолугушуусу башталды

Путин менен Меркель Кремль сарайында өткөрүлгөн жолугушуунун басма сөзгө ачык бөлүмүндө билдирүү жасашты.

1694671
Путин менен Меркелдин жолугушуусу башталды

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Германиянын канцлери Ангела Меркель менен Москвада жолугушуусу башталды.

Путин менен Меркель Кремль сарайында өткөрүлгөн жолугушуунун басма сөзгө ачык бөлүмүндө билдирүү жасашты.

Меркель менен акыркы жолу 2020 -жылдын 19 -январында Германиянын борбору Берлинде өткөн Ливия боюнча конференцияда жолукканын эске салган Путин, бул конференциянын негизинде Ливияга байланыштуу көп нерселердин ишке ашырылганын баса белгиледи.

Путин Германиянын Орусия үчүн Европада жана дүйнөдө эң маанилүү өнөктөштөрдүн бири экенин белгилеп: «Германия Кытайдан кийинки экинчи соода -экономикалык өнөктөшүбүз. 2020-жылы олуттуу рецессияга карабастан, эки тараптуу соода көлөмү жылдын биринчи жарымында эки эсеге көбөйдү»,- деди.

Меркелдин кызматтан кете турганына көңүл бурган Путин: «Бизди бетме -бет жолуктурууну талап кылган көптөгөн маселелер бар. Андыктан бул жөн эле коштошуу жолугушуусу эмес, олуттуу иш сапар», деп айтты.

Путин менен көп маселелерди талкуулагысы келгенин баса белгилеген Меркель да: «Пикирлердин айырмачылыгына карабастан менимче биз бири-бирибиз менен сүйлөшкөнүбүз жакшы. Келечекте да байланыштарыбызды улантууга даярбыз. Эки тараптуу мамилелерден баштап эл аралык маселелерге чейин сүйлөшө турчу көп нерсе бар», деп сереп салды.



Тектеш кабарлар