Макрон-Байден сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө, талиптердин Ооганстанда көзөмөлдү колго алгандан кийинки абал талкууланганы айтылды.

1694415
Макрон-Байден сүйлөшүүсү

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Елисей сарайынын билдирүүсүндө Макрон менен Байдендин сүйлөшүүсүндө, талиптердин Ооганстанда көзөмөлдү колго алгандан кийинки абал талкууланганы айтылды.

Билдирүүдө Макрон француз жарандарын, АКШ жана анын союздаштары үчүн иштеген афгандар менен коркунуч астындагыларды Ооганстандан эвакуациялоо үчүн "союздаштар ортосунда тез жана конкреттүү координация камсыздалышы керектигин" баса белгилегени кабарланды.

«Президент кесиптешине, баалуулуктарыбызды бөлүшкөн жана коргоого муктаж болгон афгандарга карата жалпы жоопкерчилигибизди жана аларды таштап кете албай турганыбызды баса белгиледи», - деген сөздөр камтылган билдирүүдө, эки лидердин өзгөчө G7дин алкагында гуманитардык, саясий жана терроризмге каршы күрөшүү темаларындагы биргелешкен аракеттерин күчөтүүгө макул болушканы маалым болду.



Тектеш кабарлар