Кытайлык космонавттар космостук станцияда экинчи жүрүшкө чыгышты

Кытайдын орбитада куруп жаткан космостук станциясында кызмат кылган космонавттар экинчи космостук жүрүшкө чыгышты.

1694702
Кытайлык космонавттар  космостук станцияда экинчи жүрүшкө чыгышты

Кытайдын орбитада куруп жаткан космостук станциясында кызмат кылган космонавттар экинчи космостук жүрүшкө чыгышты.

Кытай маалымат агенттиги Синьхуанын билдиргенине караганда космонавттар Не Хайшин менен Лю Боминг космостук станциясынын негизги модулу Тиенхиден чыгып, роботтук колуна унаанын сыртында иштөө үчүн бут кийим жана платформа орнотушту. Бул космонавттардын космостук станциясындагы экинчи космостук жүрүшү болду.

Космонавт Лю 4 -июлда команда мүчөсү Тан Хунбо менен робот колун чогултуу үчүн биринчи жолу негизги модулдун сыртына чыккан.

3 кишилик космонавт тобу космостук станцияга 17-июнда 3 айлык миссиянын негизинде келишкен.



Тектеш кабарлар