Нигерде эки күндүк аза күтүү күнү жарыяланды

Өлкөдө террордук кол салуулардан көп сандаган адамдар каза болгон.

1693372
Нигерде эки күндүк аза күтүү күнү жарыяланды

Нигердин Мали чек арасында болгон жана 37 адамдын өмүрүн алган террордук кол салуудан кийин өлкөдө эки күндүк улуттук аза күтүү жарыяланды.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Абдулькадри Тиджанинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, кечээ кечинде 48 сааттык улуттук аза күтүү жарыялангандыгы белгиленди.

16-августта Тиллабери аймагындагы Дарей Дей айылында белгисиз адамдар тарабынан жасалган террордук кол салууда 37 киши, анын ичинде 14 бала, 4 аял каза болгон.

Дарей Дей айылы 26-июлда да бутага алынган жана 16 жай тургун көз жумган. 



Тектеш кабарлар