Япония Кабулдагы кызматкерлерин эвакуациялады

Япониянын Кабул элчилиги иштерин Стамбулда курула турган убактылуу кеңсесинен улантары белгиленди.

1693082
Япония Кабулдагы кызматкерлерин эвакуациялады

 Япония Кабул элчилигиндеги кызматкерлерин эвакуациялады.

Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген маалыматта Кабулдагы 12 кишилик кызматкердин «дос өлкөнүн аскердик учагы» менен Дубайга коопсуз баргандыгы билдирилди.

Япониянын Кабул элчилиги иштерин Стамбулда курула турган убактылуу кеңсесинен улантары белгиленди.

Киодо агенттиги Япониянын  2001 -  жылдан бери Афганистандын кайрадан курулушу үчүн 6, 8 миллиард доллар бергендигин маалымдады.

2021 -  жылы 15 -  август  жекшемби күнү борбор шаар Кабулдун айланасын курчоого алган Талибан президент Ашраф Ганинин өлкөдөн чыгып кетиши жана өкмөт күчтөрүнүн борбордон чыгышы менен шаарды көзөмөлгө алган.



Тектеш кабарлар