Пентагон: «Кабул аэропортунда түрк аскерлери менен биргеликте иштеп жатабыз»

Пентагондун басма сөз катчысы Кирби, Кабул аэропортуна байланыштуу журналисттерге кыскача билдирүү жасады.

1692470
Пентагон: «Кабул аэропортунда түрк аскерлери менен биргеликте иштеп жатабыз»

Америка Кошмо Штаттарынын Коргоо министрлигинин (Пентагондун) басма сөз катчысы Жон Кирби, Кабул аэропортунда коопсуздукту калыбына келтирүү үчүн түрк аскерлери жана берки эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте иштеп жатышканын айтты.

Пентагондун басма сөз катчысы Кирби, Кабул аэропортуна байланыштуу журналисттерге кыскача билдирүү жасады.

Кирби АКШнын Ооганстандагы элчилик кызматкерлери менен башка жарандарды эвакуациялоо процесси улантылып жатканда, Кабулдун «Хамид Карзай» аэропортуна кирген жүздөгөн адамдардын башаламандыктарынан кийин алар аэропортту жана анын айланасында коопсуздукту калыбына келтирүү үчүн "түрк аскерлери жана берки эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте иштеп жатышканын" билдирди.  

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен Талибандын ортосунда 2020-жылдын февралында жетишилген тынчтык келишиминин алкагында эл аралык күчтөрдү Ооганстандан чыгаруу жараяны башталган болчу.

Келишимде чет элдик күчтөргө кол салбоо көздөлсө, ооган өкмөтү менен Катардагы сүйлөшүүлөрдү улантып жаткан талибдер, июнь айынан бери катуу кол салуулар менен Ооганстандын көптөгөн провинция борборлорун басып алышты.

Президент Ашраф Гани жана өкмөттүк күчтөр өлкөдөн чыгып кеткенден кийин мурунку күнү борбор Кабулду курчап алган талибдер бул жерди толук көзөмөлүнө алышкан.

Бул боюнча жүздөгөн афгандар чет өлкөлүк жарандарды эвакуациялоочу учактарга түшүү үчүн аэропортко агылган.



Тектеш кабарлар