Донбасста ок атышпоо режими бузулду

Украинанын Куралдуу күчтөрү, орусиячыл жикчилдердин кечээ ок атышпоо режимин 5 жолу бузганын жарыялады.

1692619
Донбасста ок атышпоо режими бузулду

Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагында орусиячыл жикчилдер аткан октон бир украин аскери каза болду.

Украинанын Куралдуу күчтөрү, орусиячыл жикчилдердин кечээ ок атышпоо режимин 5 жолу бузганын жарыялады.

Билдирүүдө Донбасстын Золорое 4, Водияне, Широкино, Новомихайловка жана Присепиловка аймактарында жикчилдер тарабынан атылган оттун натыйжасында бир украин аскери каза болгону кабарланды. Бул маселе боюнча Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун өкүлдөрүнө (ЕККУ) маалымат берилди.



Тектеш кабарлар