Алжирде токой өрттөрү күчөп баратат

Жалын 18 провинциянын 103 районуна жайылды.

1690187
Алжирде токой өрттөрү күчөп баратат

Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү токой өрттөрү менен күрөшүүдө.

Алжирде токой өрттөрү күчөп баратат.

Жалын 18 провинциянын 103 районуна жайылды.

Алжирдин 18 провинциясында токой өрттөрүнөн каза болгондордун саны 69га жетти.

Борбор калаанын чыгышынан 100 чакырымдай алыстагы Тизи Визу провинциясынын Соттор кеңешинин башкы прокурору Абдулкадир Умейруш маалымат жыйынында, өрттөн каза болгон адамдардын саны 69га жеткенин, алардын 28и аскерлер жана 41и жөнөкөй жарандар экенин айтты.

Миңден ашуун адам жаракат алды, 600дөн ашык үй -бүлө үйсүз калды.

Италиянын түштүгүндө Европанын эң жогорку температурасы 49 градус деп катталды.

300 жерде уланып жаткан өрттү абадан жана жерден өчүрүү аракети улантылууда.

Орусияда дагы өрт күн тартибинин башында турат.

Якутияда болжол менен 4 миллион гектар аянтта 160тан ашуун өрт уланууда.

АКШнын Калифорния штатындагы өрт 500 миң акрга жакын аянтка жайылды.

Бир айга жакын өчүрүлө албаган өрттүн 27 пайызы гана көзөмөлгө алына алды.



Тектеш кабарлар