ДЕАШ Керкүктө электр линияларына кол салууда

Ирактын Керкүк шаарында ДЕАШ террордук уюму электр линияларына кол салып, 7 мунара талкаланды.

1689346
ДЕАШ Керкүктө электр линияларына кол салууда

Ирактын Керкүк шаарында ДЕАШ террордук уюму электр линияларына кол салып, 7 мунара талкаланды.

Керкүк электр бөлүштүрүү фирмасынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта ДЕАШ мүчөлөрүнүн шаардын түштүгүндөгү Рияд аймагына жакын электр линияларына кол салгандыгы белгиленди.

Кол салууда 7 мунаранын талканалангандыгы жана Керкүк шаар борбору менен айрым райондордо электр үзгүлтүктөрүнүн болгондугу билдирилди.

ДЕАШ террористтеринин 7 мунаранын астына жайгаштырган жарылуучу заттарды алыстан башкаруу менен жардыргандыгы маалымдалды.

Маалыматта акыркы күндөрдө өлкөнүн электр инфраструктурасына карата жасалган мындай кол салуулардын үзгүлтүксүз болуп жаткандыгы билдирилди.

Өзгөчө жай айларында узун убакыт электр үзгүлтүктөрү болгон Иракта акыркы бир айдын ичинде Мусул, Керкүк жана Салахаддин аймактарындагы жогорку чыңалуудагы линияларга кол салуулар болууда.

Багдат башкаруусу өлкөдөгү электр инфраструктурасына карата кол салуулардын артында ДЕАШ террордук уюмунун бар экендигин маалымдады.



Тектеш кабарлар