Угур Шахин варианттар тууралуу билдирүү жасады

BioNTech-Pfizer 1 миллиардга жакын вакцинаны дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнө же аймагына жөнөттү.

1688572
Угур Шахин варианттар тууралуу билдирүү жасады

Германиянын биотехнологиялык BioNTech компаниясынын негиздөөчүсү профессор Угур Шахин, BioNTech-Pfizer вакцинасын варианттарга каршы өзгөртүүнүн учурда зарыл эмес экенин айтты.

Шахин BioNTech-Pfizer вакцинасынын учурдагы варианттарга таасири тууралуу билдирүү жасады.

Келээрки 6-12 ай аралыгында жаңы варианттардын пайда болушу мүмкүн экенин жана мунун вакцинанын өзгөртүлүшүн талап кылаарын айткан Шахин, учурда болсо мындай нерсенин зарыл эместигин айтты.

Угур Шахин вакцинаны өзгөртүү боюнча жаңы чечимдин убактысынын туура болушу керектигине да көңүл бурду.

BioNTech-Pfizer 1 миллиардга жакын вакцинаны дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнө же аймагына жөнөттү.

Вакцинанын жылдык өндүрүштүк көлөмүнүн жылдын аягына чейин 3 миллиард дозага, келерки жылы болсо 4 миллиард дозага жетиши күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар