Кытайда дүйнөдөгү эң катуу жана бышык айнек өндүрүлдү

Бул жаңы өнүм AM-III деп аталды.

1688849
Кытайда дүйнөдөгү эң катуу жана бышык айнек өндүрүлдү

Кытайда дүйнөдөгү эң катуу жана бышык айнек өндүрүлдү.

Кытайлык илимпоздор молекулярдык тартипти алуу үчүн фуллерендерди майдалап, бириктиришти. 1200 цельсий градустук катуу ысык жана басым колдонулду.

"Өзгөчө" механикалык жана электрондук касиеттери бар деп айтылган бул жаңы өнүм AM-III деп аталды.

Жаңы өнүм алмазга салыштырылды.

Иликтөөдө анын катуулугу 113 гигапаскалга жеткенин көрсөттү, ошол эле тестте алмаз жалпысынан 50дөн 70ке чейин жыйынтык берди.

Алмазга караганда катуураак болгон бул айнек күн батареялары менен катар ар кандай тармактарда колдонулушу мүмкүн.



Тектеш кабарлар