Джаферович: «Түркия эч бир өлкөгө бербеген артыкчылыкты бизге берди»

Джаферович Түркия менен Босния-Герцеговинанын карым-катнаштарына баа берди.

1688604
Джаферович: «Түркия эч бир өлкөгө бербеген артыкчылыкты бизге берди»

Босния-Герцеговинанын Президенттик Кеңешинин босниялык мүчөсү Шефик Джаферович: «Түркия эч бир өлкөгө бербеген артыкчылыкты бизге берди. Биз муну жакшы колдонушубуз керек. Биздин максатыбыз Түркия менен тышкы соода көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүү. Бул мүмкүн болуучу максат»,-деди.

Джаферович Түркия менен Босния-Герцеговинанын карым-катнаштарына баа берди.

Түркия менен кайра каралып чыккан эркин соода келишиминин негизинде Босния-Герцеговинанын чоң артыкчылыкка ээ болгонун айткан Джаферович, учурдагы тышкы соода көлөмүнүн да 700 - 750 миллион доллар деңгээлинде экенин эске салып: «Түркия менен болгон экономикалык кызматташтык интенсивдүү түрдө уланат. Мында кайра каралып чыккан эркин соода келишиминин чоң үлүшү бар», деп айтты.



Тектеш кабарлар