АКШ Ирандын президенти Реисиге чакыруу салды
Америка Кошмо Штаттары Ирандын жаңы президенти Ибрахим Реисини "дипломатияга жана өзөктүк сүйлөшүүлөргө кайтууга" чакырды.
![АКШ Ирандын президенти Реисиге чакыруу салды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/c0c5/d795/b454/5d109f7597a15.jpg?time=1718866814)
Америка Кошмо Штаттары Ирандын жаңы президенти Ибрахим Реисини "дипломатияга жана өзөктүк сүйлөшүүлөргө кайтууга" чакырды.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс күнүмдүк пресс -конференцияда Ирандагы жаңы өкмөттүн позициясын күтүп жатышкандарын жана АКШ ошого жараша өнөктөштөрү менен кеңешип, жооп берерин билдирди.
Катчы Прайс : «Президент Реисиге билдирүүбүз, биз улуттук коопсуздук кызыкчылыктарыбыз үчүн сүйлөшүүлөргө кайтууга даярбыз. Иранды эртерээк сүйлөшүүлөргө кайтууга чакырабыз»,- деди.
Прайс өзөктүк келишимге кайтуу мүмкүнчүлүгү түбөлүктүү эмес экендигин айтып : «Мына ошондуктан Ирандын жаңы өкмөтүн дипломатияга кайтууга чакырабыз»,- деди.
Кечээ ант берген Реиси : "Иранга каршы санкциялар токтотулушу керек. Иран санкцияларды токтотуу боюнча бардык дипломатиялык планды колдойт", - деген.