Украина өкмөт имаратына граната менен кирген адам кармалды

Кол салган адамдын Донбасста согушкан жана жарадар болгон мурдагы жоокер экендиги билдирилди.

1685655
Украина  өкмөт имаратына  граната менен кирген адам кармалды

Украинанын борбор шаары Киевде граната менен өкмөт имаратына кирген адам кармалды.

Украинанын полиция кызматынын башчысы Игорь Клименко билдирүүсүндө кармалган адам Донбасста согушкан жана жарадар болгон мурдагы жоокер экендигин айтты. Клименто бул адамга 15 жылга жакын абак жазасынын берилиши мүмкүн экендигин белгиледи.

Украинанын ички иштер министрлигинен берилген маалыматта жергиликтүү убакыт боюнча саат 10: 00 чамаларында бир адамдын чөнтөгүнөн чыгарган бомбага окшогон бир затты жардыруу менен коркуткандыгын белгилеген. Маалыматта полициянын атайын операция баштаткандыгы жана ким экени белгисиз кол салуучу менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүп жаткандыгы билдирилген болчу.



Тектеш кабарлар