АКШ 16 өлкө жана аралды "коркунучтуу өлкөлөр" тизмесине кошту
Ооруларды көзөмөлдөө жана алдына алуу борбору бул жерлерге саякатка баруудан баш тартууну сунуш кылды.
АКШ 16 өлкө жана аралды Ковид - 19дан улам «корунучтуу өлкөлөр» тизмесине кошту.
АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдына алуу борбору араларында Греция, Ирландия, Ливия жана Иран болгон 16 өлкө жана аралды Ковид - 19 эпидемиясынан улам «коркунучтуу өлкөлөр» тизмесине киргизди.
Ооруларды көзөмөлдөө жана алдына алуу борбору «4 - деңгээлдеги» тизмесине кошкон өлкөлөр Андора, Греция, Иран, Ирландия, Казакстан, Ливия, Мальта жана Лесото, Кюрасао (Нидерланд Антилдери) Гибралтар, Гваделупа, Мэн аралы, Мартиника, Сент -Бартелеми, АКШнын Виргин аралдары жана Сент -Мартин аралдары болду.
Ковид - 19 бейтаптарынын саны жогору болгондуктан бул аталган өлкөлөрдүн коркунучтуу экендигине көңүлдөрдү бурган Ооруларды көзөмөлдөө жана алдына алуу борбору бул жерлерге саякатка баруудан баш тартууну сунуш кылды.