Японияда жогорку температурадан 23 киши каза болду

Адистер ысыктыктын 28 градуска же нымдуулук катнашынын 70 пайызга жетиши менен желдедүүчү аппараттардын иштетилишин сунуш кылышууда.

1681499
Японияда жогорку температурадан 23 киши каза болду

Японияда жогорку температурадан улам акыркы бир жумада 23 адам каза болду. Өрт жана апаатты башкаруу агенттиги 19 – 25 -  июлду камтыган жумада ысыктыктан 8 122 адамдын ооруканага жаткырылгандыгын билдирди. Агенттик булардан 23нүн каза болгондугун, 3 000ден ашуун адамдын абалынын оор экендигин маалымдады.

Ооруканага жаткырылгандардын жарымынан көбүнүн 65 жаштан жогору, 2 627 адамдын 14 – 64 жаш арасы, 8000нүн да 17 жаш жана 17 жашка чейинкилер экендиги белгиленди.

Адистер ысыктыктын 28 градуска же нымдуулук катнашынын 70 пайызга жетиши менен желдедүүчү аппараттардын иштетилишин сунуш кылышууда.



Тектеш кабарлар