БУУ Сириядагы зомбулук окуяларынан тынчсызданууда

БУУ Сириянын түндүк – батышында күч алган зомбулук окуяларынан катуу тынчсыздангандыгын билдирди.

1679352
БУУ Сириядагы зомбулук окуяларынан тынчсызданууда

БУУ Сириянын түндүк – батышында күч алган зомбулук окуяларынан катуу тынчсыздангандыгын билдирди.

Башкы катчынын орун басары Фархан Хак БУУнун штаб  - квартирасындагы күнүмдүк пресс  - жыйынында Сириянын түндүк батышындагы абал тууралуу : «Болуп жаткан кагылышуулар акыркы жумаларда араларында көп сандаган балдар менен аялдар болгон жарандардын өлүмүнө жана жаракат алуусуна себеп болду»,- деди.

Хак БУУ катары аймакта зомбулуктардын күч алышынан тынчсызданып жаткандыгын белгилеп, тараптарды эл аралык гуманитардык укуктун негизинде жарандарга зыян келтирбөө үчүн бардык чараларды көрүүгө чакырды.

Сирияда Бассар Ассад режими жана Иран колдогон террордук топтор Идлиб деэскалация зонасынын чектериндеги Иблин айылына бейшемби күнү кол салып, 7 жаран, анын ичинен бир аял, 3 бала  каза болгон жана 3 жаран жаракат алган.

Оппозициянын булактары  Россиянын согуштук учактарынын Идлибдин түштүгүндөгү Бара, Ихсим жана Мираян айылдарына абадан кол салгандыгын жарыялады.



Тектеш кабарлар