В. Путин мусулмандарды Курман айт менен куттуктады
Кремлден берилген маалыматта Путиндин Россияда жашаган мусулмандарды Курман айт майрамы менен куттуктагандыгы билдирилди.
1678028
Россиянын лидери В. Путин өлкөсүндө жашаган мусулмандарды курман айт майрамы менен куттуктады.
Кремлден берилген маалыматта Путиндин Россияда жашаган мусулмандарды Курман айт майрамы менен куттуктагандыгы билдирилди.
Куттуктоодо : «Теги кылымдарга созулган бул майрам ишенгендерди исламдын тегине жана баалууктарына багыттайт, мээримдүүлүккө, адилеттүүлүккө жана такыбалыкка, башкаларга кылдаттык менен чын жүрөктөн мамиле кылууга үндөйт. Бардык дүйнөлүк диндердин негизин түзгөн бул жогорку гуманитардык жана адеп-ахлактык идеалдар биригүүчү эбегейсиз зор күч катары милдетин аткарат, коомдогу этникалык топтордун ортосундагы ынтымакты чыңдоого жана элибиздин түпкү салты болгон маданий ар түрдүүлүктү сактоого өбөлгө түзөт»,- деди.