Байден : "АКШ экономикасы 40 жылдын эң жогорку өсүшүнө жетти"

Жо Байден Ак үйдө экономикага байланыштуу маалымат берди.

1677676
Байден : "АКШ экономикасы 40 жылдын эң жогорку өсүшүнө жетти"

АКШнын президенти Жо Байден өзүнүн башкаруусунун алгачкы 6 айында АКШнын экономикасы акыркы 40 жылдагы эң жогорку өсүшкө жетишкендигин билдирди.

Жо Байден Ак үйдө экономикага байланыштуу маалымат берди.

АКШ экономикасынын башкаруусунун алгачкы 6 айында 40 жыл ичиндеги эң жогорку өсүшкө жетишкенине көңүл бурган Байден, учурда экономикалык өсүш божомолдору эки эсе көбөйгөнүн жана экономиканын 7 пайызга же андан жогору өсүшүн күтүп жаткандыгын айтты.

Жетишилген ийгиликтерге карабастан, экономиканын калыбына келиши Ковид-19 эпидемиясынын көзөмөлүнөн көз каранды экендигин баса белгилеген Байден, өзгөчө, эмдөө көрсөткүчтөрү өтө төмөн жерлерде оорулардын көбөйүшүнө көңүл бурду.

Экономиканын күчтүү түрдө калыбына келгендигин жана айрым бааларда өсүү болгондугун айткан Байден : "Айрымдар бул туруктуу инфляциянын белгиси болушу мүмкүн деген кооптонууларын билдиришти. Бирок биздин көз карашыбыз мындай эмес. Биздин эксперттер жана маалыматтар көрсөткөндөй, баалардын жогорулашынын убактылуу болушу күтүлүүдө», - деди.



Тектеш кабарлар