Кытайда "Маймыл Б" вирусунан бир адам каза болду

Кытайда бир ветеринардын «Маймыл Б» вирусунан каза болушу менен вируска байланыштуу биринчи өлүм болгондугу билдирилди.

1677178
Кытайда "Маймыл Б" вирусунан бир адам каза болду

Кытайда бир ветеринардын «Маймыл Б» вирусунан каза болушу менен вируска байланыштуу биринчи өлүм болгондугу билдирилди.

Hindustantimes гезитинин кабарына караганда Кытайдын борбор шаары Пекинде 53 жаштагы ветеринарда жүрөк айлануу жана кускандан 1 айдан кийин жогорку температура жана неврологиялык симптомдор көрүнө баштаган.

China CDC Weekly интернат сайтынын берген маалыматына караганда 53 жаштагы ветеринар хирург март айынын башында өлгөн эки маймылды изилдегенден кийин BV вирусун жуктурган.

Бир нече башка ооруканаларда дарыланган ветеринар 27-майда көз жумган. Апрель айынын ортолорунда бир топ изилдөөчү ооруну аныктоо үчүн бейтаптан жүлүн суюктугун,  плазмадан турган бир топ үлгүлөрдү алган.

Кытай улуттук вирустук ооруларды көзөмөлдөө жана алдына алуу институтуна жиберилген үлгүлөрдө жасалган RT-PCR тесттеринин натыйжасында бир гана BV вирусунун позитив чыккандыгы билдирилди.

Каза болгон бейтап менен жакын байланышта болгондугу болжолдолгон бардык жакындарынын тесттеринин негатив чыккандыгы тууралуу маалымат берилди.

Вирус тууралуу  ветеринарларга, жаныбарларды багуучу кызматкерлерге жана лабораториялык изилдөөчүлөргө коркунуч келтириши мүмкүн деп билдирилди.



Тектеш кабарлар