Япония өкмөтү Эл аралык Атом Энергиясы Агенттиги менен келишим түздү

Япония өкмөтү Фукусима Даичидеги радиоктивдүү өзгөчөлүктөгү саркынды суунун деңизге куюлушун көзөмөлдөө  үчүн Эл аралык Атом Энергиясы Агенттиги менен келишим түздү.

1673618

Киодо агенттигинин тышкы иштер министрлигине негиздеп берген кабарына караганда келишимдин негизинде  Япония менен Эл аралык Атом Энергиясы Агенттиги атомдук станциядагы саркынды сууну деңизге бошотууну көзөмөлдөө  тууралуу кызматташуу түзөт.

Коопсуздук мыйзамдарын көзөмөлдөөнү камтыган кызматташтыктын алкагында Эл аралык Атом Энергиясы Агенттигине мүчө өлкөлөрдөн тандалып алынган эл аралык деңгээлдеги эксперттерден консультативдик комитет түзүлөт.

Делегация суу чыгарууга байланыштуу Tokyo Electric Power (TEPCO) ишканасынын операторунун ишенимдүүлүгүн жана ачыктыгын текшерип, жыйынтыгын коомчулукка жарыялайт.

Тектеш кабарлар