Мишри: «Жалданма аскерлерди түрк күчтөрүнө теңөөгө болбойт»

Баш калаа Триполиде жарандык коомдун өкүлдөрү жана басма сөз өкүлдөрү менен жолугушкан Мишри билдирүү жасады.

1673290
Мишри: «Жалданма аскерлерди түрк күчтөрүнө теңөөгө болбойт»

Ливиянын Мамлекеттик Жогорку Кеңешинин (МЖК) төрагасы Халид аль-Мишри расмий келишимдердин алкагында келген өлкөсүндөгү жалданма аскерлерди түрк күчтөрүнө  теңөөгө болбой турганын айтты.

Баш калаа Триполиде жарандык коомдун өкүлдөрү жана басма сөз өкүлдөрү менен жолугушкан Мишри билдирүү жасады.

Ливиядагы чет элдик аскер күчтөрүнүн катышуусу менен байланышкан Экинчи Берлин конференциясынын жыйынтыктары жөнүндө суроого жооп берген Мишри, түрк күчтөрү Ливия өкмөтүнүн чакыруусу боюнча жана кол коюлган мыйзамдуу келишимдердин чегинде анын өлкөсүндө болгонун белгиледи.

Ливияда чет элдик күчтөрдүн жана жалданма аскерлердин бар экендигин баалаган Мишри: «Ливия - Ливиялыктардын жери. Негизи, биз кандайдыр бир чет элдик күч биздин аймакта болушун каалабайбыз. Бирок Ливиялыктар катары, 2014-жылдан бери, чыгыштагы бир туугандарыбыз Бириккен Араб Эмираттарын (БАЭ) алып келди жана БАЭде ал-Хадим базасына жайгашты. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун отчеттору дагы тастыктайт.Андан кийин француз учактары келип ливиялыктарды бомбалады.Чад жана Судандан козголоңчулар, ал тургай орустарды алып келишти.Ошондуктан биз АКШ, Алжир, Италия, Түркия жана НАТОго жардам сурап кайрылдык. Биздин чакыруубузга бир гана Түркия жооп берди. Түркия дагы бир институт болуп, эки тараптуу кол коюлган келишимдер үчүн Парламентинин макулдугун алды»,-деди.

Мишри: «Биз Ливиядагы бардык чет өлкөлүктөрдүн бара-бара чыгып кетишине ишенебиз. Биринчи кезекте, бул чет элдик жалданма аскерлерден башталат. Айрыкча чаддыктар менен судандыктар. Андан кийин БАЭ сыяктуу өлкөлөрдөн келген чет элдик согушкерлер чыгып кетишет. Бул жалданма согушкерлердин катарына (Россия) Вагнер да кирет. Андан кийин түрк күчтөрүнүн кетиши жөнүндө сүйлөшсөк болот. Эмне үчүн? "Себеби түрк күчтөрүнөн тышкары бул күчтөрдүн бардыгы, расмий эмес жана легитимсиз жолдор менен келишкен. Түркия, тескерисинче, мыйзамдуу, расмий, ачык жана белгилүү түрдө келди. Ошондуктан аларды бирдей көрүүгө болбойт жана бир убакта чыгышы күтүлбөйт»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар