«Le Figaro» гезити Түркиянын куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарына баа берди

«Le Figaro»: «Түркия 15 жылдын ичинде дүйнөдөгү негизги өндүрүүчүлөрдүн катарына кирди».

1672983
«Le Figaro» гезити Түркиянын куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарына баа берди

Франциянын «Le Figaro» гезити Түркиянын 15 жылдын ичинде дүйнөдө куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарды өндүргөн негизги өлкөлөрдүн бири болгонун жазды.

Франциядагы эң ири курал чыгаруучу компаниялардын бири Dassaultго таандык «Le Figaro» гезити, куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар жөнүндө жазган маалыматында түрк куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарга өзүнчө аталыш менен орун берди.

«Түркиянын тышкы саясатынын кызматында бир технология» аттуу кабарда, Ливияда 2020-жылы жазында Халифа Хафтар күчтөрү менен Ливия өкмөтүнүн ортосундагы кагылышууда (Коргоо технологиялары инженери) STM компаниясы тарабынан чыгарылган 2 даана Kargu-2 дрон учактарынын маанилүү роль ойногондугу баса белгиленди. Жаңылыктарда: «15 жылдын ичинде гана өлкө америкалык, израилдик жана кытайлык моделдерге атаандашуу каалоосу менен дүйнөдөгү негизги өндүрүүчүлөрдүн катарына кирди», деп сереп салынды.

Кабарда Каргу, Байрактар, Анка, Карайел жана Алпагу сыяктуу түрк куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарынын таасирдүүлүгүнөн тышкары арзан баада экендиги айтылды.

Түркиянын куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарынын барган сайын көбүрөөк сатылып жаткандыгы баса белгиленип Азербайжан, Катар, Украина, Тунис жана НАТО өлкөсү Польшанын алардан сатып алгандыгы, Латвия, Венгрия жана Албания сыяктуу берки өлкөлөрдүн да кызыгып жаткандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар