Ооганстанда Бадгис провинциясынын райондору Талибандын көзөмөлүнө өттү

Бадгис губернатору Хусаметтин Шамс басма сөз өкүлдөрүнө кайрылуусунда согушкерлер Бадгис аймагынын өкмөттүк көзөмөлүндө турган райондоруна кол салгандыгын айтты.

1671391
Ооганстанда Бадгис провинциясынын райондору Талибандын көзөмөлүнө өттү

Талибан согушкерлери Ооганстандын батышындагы Бадгис провинциясынын бардык райондорун көзөмөлгө алышты.

Бадгис губернатору Хусаметтин Шамс басма сөз өкүлдөрүнө кайрылуусунда согушкерлер Бадгис аймагынын өкмөттүк көзөмөлүндө турган райондоруна кол салгандыгын айтты.

Шамс кол салуулардын натыйжасында бардык райондор Талибандын көзөмөлүндө болгонун, ал эми райондорду басып алган согушкерлер провинция борборуна да кол салганын билдирди.

Шамс провинциянын борборунда кагылышуулар уланганын айтты.

Экинчи жагынан, Бадгис провинциясынын Кеңешинин депутаты Абдул Азиз Бек согушкерлер провинция борборунун жана Бадгис түрмөсүнүн айрым жерлерин басып алганын жарыялады.

Согушкерлер түрмөдөгү туткундарды бошотконун айткан Бек, жергиликтүү бийлик качып чыгуу үчүн Бадгис аэропортуна жайгашканын билдирди.

Экинчи жагынан, Ички иштер министрлиги Бадгис провинциясында талибдердин мизин майтарууга жетиштүү күзөтчүлөр бар деп жарыялады.

Ооганстандагы тынчтык жараяны белгисиз бойдон калууда, коопсуздук күчтөрү менен Талибандын ортосунда катуу кагылышуулар уланууда.



Тектеш кабарлар