Израиль Түштүк Корея менен вакцина алмашат

Келишимдин натыйжасында Израилдин жарамдуулук мөөнөтү жакындап калган 700 миң доза BioNTech-Pfizer вакцинасын Түштүк Кореяга бере тургандыгы маалымдалды.

1670584
Израиль Түштүк Корея менен вакцина алмашат

Израиль Түштүк Корея менен жарамдуулук мөөнөтү жакындап калган 700 миң доза BioNTech-Pfizer вакцинасын алмашуу боюнча макулдашты.

Израилдин Премьер-министрлик кеңсесинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Израиль менен Түштүк Кореянын коронавирус (Ковид-19) вакцинасын алмаша тургандыгы айтылды.

Келишимдин натыйжасында Израилдин жарамдуулук мөөнөтү жакындап калган 700 миң доза BioNTech-Pfizer вакцинасын Түштүк Кореяга бере тургандыгы маалымдалды.

Анын ордуна болсо Түштүк Кореянын сентябрь жана октябрь айларында BioNTech-Pfizerден ала турган 700 миң доза вакцинаны Израилге жөнөтө турганы билдирилди.

Израиль 18-июнда жарамдуулук мөөнөтү жакындап калган Ковид-19 вакциналарын Палестина менен алмаштырууга макул болгон.

Келишимге ылайык, Израиль Палестинага 1 миллиондон ашуун BioNTech-Pfizer вакциналарын жеткирмек.

Анын ордуна болсо Палестинанын BioNTech-Pfizerден сентябрь жана октябрь айларында ала турган вакциналар Израилге жөнөтүлмөк.

Палестина жетекчилиги 18-июнда Израиль тарабынан бериле турган вакциналардын жарактуулук мөөнөтү кыска убакытта бүтөт деген негизде келишимди жойгон болчу.



Тектеш кабарлар