Флоридада "Эльза" бороону

АКШнын Улуттук Ураган Борбору, "Эльзанын" эртең Флориданын батыш жээгинен өтөөрүн эскертти.

1670663
Флоридада "Эльза" бороону

Кубада нөшөрлөп жааган жамгырга себеп болгон тропикалык бороон "Эльза" АКШнын Флорида штатын көздөй жылат деген божомолдорго байланыштуу аймактагы өзгөчө кырдаалдын алкагы кеңейтилди.

АКШнын Улуттук Ураган Борбору, "Эльзанын" бүгүн Флорида Keys жана Dry Tortugasтан ылдый жылып, эртең Флориданын батыш жээгинен өтөөрүн эскертти.

Флорида штатынын губернатору Рон Десантис, эскертүүдөн кийин учурдагы өзгөчө кырдаалды бир нече шаарды камтый тургандай кеңейтти.

Куба өкмөтү, катуу шамал селге себеп болушу мүмкүн деп эсептелген калктуу конуштардан 180 миң адамды эвакуациялаган.

Саатына 100 чакырымдан ашкан бороон Кариб деңизиндеги Кичи Антиль аралдарына жана Гаити менен Доминикан Республикасынын айланасындагы аймактарга таасирин тийгизген.

Катуу шамал жана жаандын кесепетинен Кариб деңизинин бир нече чыгыш аралдары жабыркап, Сент-Люсияда 1, Доминикан Республикасындагы окуяларда 2 киши каза тапкан болчу.



Тектеш кабарлар