Германияда эмделүү үчүн күн алып ага барбай койгондорго айып пул салуу талап кылынды

Германиянын өкмөтү жаңы түрдөгү коронавируска каршы вакцина алыш үчүн күн алып, бирок ага барбай койгондорго айып пул салуу өтүнүчүн четке какты.

1670275

Германиянын өкмөтүнүн катчысы Штеффен Зайберт, борбор шаар Берлинде өткөрүлгөн пресс-конференцияда, элди эмдөө күнүн алып эмделүү үчүн барууга чакырып, «Ошентип, сиз өзүңүздү гана эмес, бардыгыбызды мүмкүн болгон олуттуу оорудан коргойсуз»,деген сөз айкашын колдонгон.

Зайберт белгилегендей, өкмөттүн вакцинацияга дайындалгандарга катышпагандарга карата санкцияларды колдонуу планы жок.

Германиядагы Кызыл Чырымдын Берлин штатынын төрагасы Марио Чжажа жана айрым саясатчылар эмдөө үчүн күн алып жолугушууга келбегендерге айып пул салууну талап кылышты.

Тектеш кабарлар