Израилдин кол салууларынан бир палестин каза тапты

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда, жөөт көчмөндөр Наблус шаарынын Кусра айылына кол салууга аракет кылышкан.

1669424
Израилдин кол салууларынан бир палестин каза тапты

Израиль аскерлери басып алынган Батыш Шерианын түндүгүндө палестиналыктар менен жөөт отурукташуучуларынын кагылышуусуна кийлигишип, бир палестиналык өмүрүнөн айрылып, дагы экөө жаракат алышты.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда, жөөт көчмөндөр Наблус шаарынын Кусра айылына кол салууга аракет кылышкан.

Кол салууга жол бербөөгө аракет кылган палестиналыктар менен жөөт отурукташуучуларынын ортосунда кагылышуу болду.

Аймакка келген Израиль күчтөрү палестиналыктарга каршы чыныгы жана резина окторду колдонушту.

Израилдик аскерлер тарабынан чыныгы ок менен атылган 20 жаштагы Мохаммед Фарид Али Хасан каза болду.

Ажыратуу учурунда 2 палестиналыктын бутуна резина ок да ок тийген. Жарадарлардын бирин Израиль аскерлери кармап кетишкен.

Израил 1967-жылы басып алган Батыш Шериада 250дөн ашуун мыйзамсыз жөөт конуштары бар. Бул жерлерде баскынчылык менен жашаган 450,000ден ашуун жөөт көчмөндөрү Батыш Шериада жашаган палестиналыктардын жашоосун ого бетер татаалдаштырууда.

Эл аралык мыйзамдарга ылайык, Палестинанын оккупацияланган аймагындагы бардык жөөт конуштары мыйзамсыз деп эсептелет.

Бир тараптан Израилдин согуштук учактары бири Газанын түштүгүндө, экинчиси түндүгүндө болгон Кассам бригадаларына таандык 2 чекитти ракеталар менен урду.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги кол салуудан адамдардын өлүмүнө байланыштуу билдирүү жасаган жок.



Тектеш кабарлар