Түркия АКШнын "Адам сатуу боюнча отчетуна" каршылык көрсөттү

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2021-жылдагы Адамдарды сатуу боюнча отчетунда Түркиянын адам сатууга каршы күрөшү тууралуу маалымат орун алган.

1669246
Түркия АКШнын "Адам сатуу боюнча отчетуна" каршылык көрсөттү

Түркиядан АКШга Адам сатуу боюнча отчетко жооп берилип, «Эки жүздүүлүктүн эң сонун мисалы»,делди.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, АКШнын Мамлекеттик департаментинин 2021-жылдагы Адамдарды сатуу боюнча отчетунда Түркиянын адам сатууга каршы күрөшүн күчөткөнү белгиленип, «Буга карабастан, ишенимдүүлүгү күмөндүү, кээ бир бейөкмөт уюмдардын (НПО) отчетторундагы айтымдарга орун берилип, негизсиз божомолдорго негизделип, Түркиянын аракеттерин көмүскөдө калтыра турган айыптоолорду жасашы өкүндүрөт»,делди.

Билдирүүдө Түркия адам сатуу кылмышынын алдын алуу, кылмышкерлерин жазалоо жана курмандыктарын коргоо жана адам сатууга каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн «Эркин инсан, күчтүү коом, дагы демократиялуу Түркия» көз карашы менен даярдалган, президент Режеп Таййип Эрдогандын кол тамгасы менен жарыяланган, адам сатуу менен таасирдүү күрөшүүгө максатталган «Адам укуктары боюнча иш-аракеттер планы» Түркиянын чечкиндүүлүгүнүн ачык белгиси экендигине көңүл бурулду.

«Балдарга курал карматуу темасындагы Түркияга жоопкерчиликти жүктөгөн айыптоолорду толугу менен четке кагабыз»,деген билдирүүдө Түркиянын БУУ кабыл алган укуктарын кошо алганда, балдардын укуктарын коргоо боюнча эл аралык негизги жоболордун катышуучусу экендиги жана анын «бул темадагы жазуусу таза» экени баса белгиленди.

Билдирүүдө, Сирия жана Иракта террордук актыларга балдарды тартып алган ПКК-ПЙД-ЙПГ (PKK-PYD-YPG) жикчил террордук уюмун курал-жарак жардамы менен кошо ачык колдогон АКШнын мындай жалган жалаасы кош стандарттуулуктун жана эки жүздүүлүктүн эң ачык мисалы экендиги баса белгиленди.

«Сириянын демократиялык күчтөрү» деп аталган жикчил террордук уюм ПКК / ЙПГнын жетекчилиги астында көптөгөн мыйзам бузууларды кылган жана балдарды күч менен тартуу, уурдоо, эркиндигинен ажыратуу, мектептерди аскердик максатта пайдалануу жана ушул сыяктуу оор кылмыштарды кылганы,  Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар жана куралдуу чыр-чатактар ​​боюнча атайын элчиси Виржиния Гамбанын 2021-жылдын 21-июнундагы отчетунда белгиленгени айтылган билдирүүдө, буга карабастан, отчетто бул уюмга кайрылбоосу дагы өзүнчө бир шумдук болгон.

Билдирүүдө, «АКШнын Сирияда кызматташып машыгуу жана курал-жарак менен камсыз кылып, Сирияда гана эмес, Ирактын көптөгөн жерлеринде, анын ичинде Махмур менен Синжарда балдарды уурдаган, бул сепаратисттик террордук уюм тарабынан жасалган оор кылмыштарды көрмөксөнгө салып, бир топ регионалдык маселеде тыгыз координация кылган союздашы Түркияга карата мындай негизсиз айыптоолорду айтуу - карама-каршылык жана эч качан кабыл алынбайт»,деген билдирүүсү камтылган.

Түркия, мүчөсү болгон конвенцияларга жараша, адам сатуу кылмышынын алдын алуу боюнча, мурдагыдай эле, аракеттерин чечкиндүү уланта берери баса белгиленди.



Тектеш кабарлар