Орус деңиз флоту машыгуу өткөрүүдө

Машыгуунун бир нече күнгө созулаары маалымдалды.

1668831
Орус деңиз флоту машыгуу өткөрүүдө

Орус армиясынын Түндүк деңиз флоту, Баренц жана Норвегия деңиздериндеги суу астында жүрүүчү кемелердин куралын сыноо үчүн атайын машыгууну баштады.

Түндүк деңиз флотунун билдирүүсүндө, эки деңизде тең өткөрүлгөн машыгууга 4-муундагы суу астында сүзүүчү кемелердин да катышкандыгы белгиленди.

Суу астында жүрүүчү кемелердин куралдары сыналгандыгы айтылган билдирүүдө: «Машыгуу көпчүлүк заманбап суу астында жүрүүчү кемелер үчүн чек болгон 500 метр тереңдикте өткөрүлүүдө», делди.

План боюнча өткөрүлгөн машыгуунун бир нече күнгө созулаары маалымдалды.



Тектеш кабарлар