Pfizer-BioNTech жана Moderna вакциналары узак мөөнөткө чейин коргошу мүмкүн
Илимпоздор Pfizer-BioNTech жана Moderna вакциналарынын адамдын денесинде күчтүү иммундук реакция жаратарын аныкташты.
Коронавируска (Ковид-19) каршы иштелип чыккан Pfizer-BioNTech жана Moderna вакциналарынын күтүлгөндөн алда канча узак мөөнөткө чейин коргой алышы мүмкүн экени айтылууда.
Илимпоздордун тобу Pfizer-BioNTech жана Moderna вакциналары адамдын денесинде күчтүү иммундук реакция жаратып, Ковид-19дан узак жылдар бою коргой тургандыгы жөнүндө далилдерди алышты.
Жаңы изилдөө ошондой эле бул эки мРНК вакцинасынын, "бета-вариантты" менен катар Ковид-19дун үч вариантына каршы натыйжалуу болгон жогорку деңгээлдеги нейтралдаштыруучу антителолорду иштеп чыкканын көрсөттү.
Nature журналында да жарыяланган изилдөө эки вакцинанын биринчи дозасынан төрт айга жакын убакыт өткөндөн кийин организмдин лимфа түйүндөрүндө, келечектеги инфекциялардан коргонуу үчүн иммундук клеткаларды эффективдүү үйрөтүүчү герминалдык борборлордун болгондугу аныкталды.
Илимпоздордун изилдөөлөрү, бул вакциналардын жугуштуу болгон "дельта вариантына" каршы натыйжалуулугу жөнүндө кандайдыр бир аныктама берген жок.