Европа Биримдиги саммитинин Түркия тууралуу билдирүүсү

Европа Биримдиги Түркия менен жогорку деңгээлдеги  диалогго даярдык чечимин кабыл алды.

1664478
Европа Биримдиги саммитинин Түркия тууралуу билдирүүсү

Европа Биримдиги саммити улантылып, Түркия тууралуу сүйлөшүүлөрдүн аякташынан кийин  жыйынтык билдирүүсүнүн тийиштүү бөлүгү коомчулук менен бөлүшүлдү.

Билдирүүдө Европа Биримдиги лидерлеринин Түркия менен миграция, саламаттыкты сактоо, климат, терроризмге каршы туруу жана аймактык маселелер сыяктуу эки тарапты кызыктырган маселелер боюнча жогорку деңгээлдеги диалогго даярдыктарды белгилешкендиги билдирилди.

Билдирүүдө  Европа Биримдиги лидерлеринин Түркия менен  Бажы биримдигинин жаңыланышына карата  уруксат берүү үчүн техникалык изилдөөлөрдүн башталгандыгы белгиленип : «Европа Биримдиги Кеңеши, Европа Биримдиги Комиссиясына Түркия, Иордания, Ливан жана аймактын  башка бөлүктөрүндөгү сириялык качкындар жана үй ээси коомдорго бериле турган каржылоонун улантылышы үчүн расмий сунушту кечикпестен сунуш кылууга чакыруу салды»,- деп маалымдалды.

Билдирүүдө : "Европа Кеңеши Түркиядан жана бардык катышуучулардан аймактык кризистердин чечилишине Түркия менен Европа Биримдигинин аймактык тынчтык жана туруктуулуктун жалпы кызыкчылыктарына ылайык оң салым кошушун күтөт»,- деген баа берилди.  



Тектеш кабарлар