Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эскертүүсү

Дүйнөлүк азык-түлүк программасы быйыл ачарчылык коркунучуна дуушар болгон 139 миллион адамга жетүүнү көздөйт.

1662849
Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эскертүүсү

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Дүйнөлүк Азык-түлүк Программасынын (WFP) Аткаруучу директору Дэвид Бисли, дүйнө жүзү боюнча гуманитардык жардамга мүмкүнчүлүк жок 41 миллион адамдын ачарчылыкка кабылуу коркунучунда турганын билдирди.

Бисли, 4 өлкөдө ачарчылык сыяктуу шарттар байкалып жатканын, дүйнө жүзү боюнча 41 миллион адамдын ачарчылыктан жапа чегиши мүмкүн экенин билдирип: «41 миллион адам ачарчылыкка кабылуу коркунучунда турат. Бул сандар трагедияны билдирет, булар чыныгы адамдар. Мен аябай тынчсызданып жатам», деди.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын 2020-жылга карата көрсөткүчтөрү 43 өлкөдө 41 миллионго жакын адамдын ачарчылыктын босогосунда турганын ортого салды.

Бул көрсөткүчтөргө караганда кагылышуу, климаттын өзгөрүшү жана экономикалык кыйынчылыктар ачарчылыкты күчөтүп, негизги азык-түлүк бааларына кысым жаратууда.

Азык-түлүккө баанын көтөрүлүшү Ливан, Нигерия, Судан, Венесуэла жана Зимбабве сыяктуу өлкөлөрдө азык-түлүк коопсуздугуна таасир тийгизгени билдирилди.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасы быйыл ачарчылык коркунучуна дуушар болгон 139 миллион адамга жетүүнү көздөйт.

Эфиопия, Мадагаскар, Түштүк Судан жана Йеменде учурда 584 миң адам ачарчылыкка окшош шарттарда жашап жатышат.



Тектеш кабарлар