Нидерландияда качкындар күнүнөн улам митинг өткөрүлдү
Митингде ушул кезге чейин каза болгон 44 000ге жакын качкынды эскерүү үчүн айрымдарынын үстүндө качкындардын аттары жазылган жыгачтан жасалган сиволдук мазар таштар орнотулду.
Нидерландияда «20 -июнь Дүйнөлүк качкындар күнүнөн» улам митинг өткөрүлдү. Гаага шаарынын Шевенинген районунда пляж жээгинде өткөн митингде ушул кезге чейин каза болгон 44 000ге жакын качкынды эскерүү үчүн айрымдарынын үстүндө качкындардын аттары жазылган жыгачтан жасалган сиволдук мазар таштар орнотулду.
Ар бир символдук мазар ташынын Европага көчүү жолунда сууга чөккөн же чек араларда каза болгон качкындарды унутпоо үчүн орнотулгандыгы жана бир ысымды билдиргендиги бирок булардын көпчүлүгүнүн күбөлүгү белгисиз болгондуктан ысымсыз экендиги белгиленди.
Митингге катышкандар каза болгон качкындарды эскерүүнүн жана унутпоонун жетерлик эмес экендигин баса белгилеп, бардык качкындар кутулганга чейин күрөшүүнү улантышарын билдиришти.
Тектеш кабарлар
Израиль дагы бир журналистти өлтүрдү
2023-жылдын 7-октябрынан бери Газа тилкесинде каза болгон журналисттер тууралуу маалымат берилди.