АКШда күн катуу ысып жатат

Калифорниянын Dead Valley өрөөнүндө абанын температурасы 51 градустан ашып кетти.

1660653
АКШда күн катуу ысып жатат

Америка Кошмо Штаттарынын батыш штаттарында (АКШ) катуу ысык жашоого терс таасирин тийгизип жатат.

Улуттук Аба ырайы кызматынын (NWS) маалыматына караганда, дүйнөдөгү эң ысык жер болгон Калифорниянын Dead Valley өрөөнүндө абанын температурасы 51 градустан ашып кетти.

Ал эми AccuWeather маалыматына ылайык, бул өрөөндө сезилген температура 54 градустан жогору көтөрүлдү. Аймактын тарыхындагы эң жогорку температура 1913-жылы 56-57 градуска чейин катталган.

Калифорниядан тышкары Аризона жана Юта, Монтана, Айдахо сыяктуу чөйрөдөгү штаттарда абанын температурасы рекорддук деңгээлге жетип, дем алыш күндөрү да кооптуу абалда болоору алдын-ала айтылды.

Күндүн кескин ысып кетиши аймактагы суу ресурстарын ылдам азайтып, кургакчылыктын дыйкандарды оор абалда калтырганы билдирилди.



Тектеш кабарлар