ДССУ: «Ковид-19 учурлары дүйнө жүзү боюнча азайып баратат»

ДССУнун башкы директору маалымат берди.

1658382
ДССУ: «Ковид-19 учурлары дүйнө жүзү боюнча азайып баратат»

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус дүйнө жүзүндө коронавирустун (Ковид-19) учурлары 7 жума катары менен төмөндөгөнүн билдирди.

Уюмдун Женевада жайгашкан башкы кеңсесинде өткөрүлгөн пресс-конференцияда башкы директор Гебреисус Германияда 2022-жылы өтө турган G7 саммитине чейин алардын максаты дүйнө калкынын кеминде 70 пайызын эмдөө экендигин белгилеп: «Муну ишке ашыруу үчүн 11 миллиард доза керек», деди.

Ковид-19 пандемиясынын учурдагы абалына баа берген Гебреисус уюмга билдирилген көрсөткүчтүн 7 жума катары менен төмөндөгөнүн жана бул эпидемиялык процесстин аралыгындагы эң узакка созулган жумалык төмөндөө сериясы экендигин билдирди.

Гебреисус: «Апталык учурлардын саны февраль айынан бери эң төмөнкү деңгээлде болсо дагы өлүмдөр тездик менен төмөндөбөй эле. Өткөн жумада каза болгондордун саны мурунку жумага окшош болду. Күн сайын 10 миңден ашуун адам көз жумууда», деди.



Тектеш кабарлар