АКШда митингге чыккандарга кол салуу болду
Кол салууда 1 адам каза болуп, 3 адам жаракат алды.
1658224
АКШнын Миннесота штатында полициянын зомбулугуна нааразычылык билдирген бир группага карата унаанын айдалышы менен 1 адам каза болуп, 3 адам жаракат алды. Миннеаполис полиция башкармалыгынан берилген маалыматка караганда полициянын зомбулугуна нааразычылык билдирген40 – 50 адамдык группага карай унаа айдалды. Окуяда оор жаракат алган бир аял алып барылган ооруканада каза болду жана жаракат алган 3 адам дарыланууда.
Кол салуучу митингге чыккандар тарабынан кармалып полицияга тапшырылды. Кол салуунун себеби тууралуу маалымат берилген жок.