Германия Иракка барууну каалаган жана ПККны колдогон делегацияга уруксат берген жок

Бул тууралуу Германиянын таасирдүү гезиттеринин бири болгон Die Welt полициясынын отчетуна таянып берген кабарында жазган.

1656877
Германия Иракка барууну каалаган жана ПККны колдогон делегацияга уруксат берген жок

Германия Түркия менен мамилесин начарлатпоо үчүн Ирактын Эрбил шаарына барууну каалаган жана ПККны колдогон делегацияга уруксат берген эмес деп айтылган.

Германиянын таасирдүү гезиттеринин бири болгон Die Welt полициясынын отчетуна таянып берген кабарында өлкөдөгү ПККга жакын күрт бирикмелеринин террордук уюмду колдоо үчүн «адам калкан» өнөктүгүн баштагандыгы жана адамдардын ушул айда топ-топ болуп Иракка барууга жөнөй тургандыгын маалымдаган.

Гезит жаңылыктарында Германияда тыюу салынган террордук уюмдардын тизмесине кирген ПККнын, НАТОго мүчө Түркияга каршы иш-аракеттерге катышуусу же пассивдүү колдоо көрсөтүүсү Германиянын Федеративдик Республикасынын кызыкчылыгына олуттуу таасир эте турганы баса белгиленип, «Германиянын же Европанын жарандарынын жаңжалга катышуусу Түркия менен мамилелерге терс таасирин тийгизет»,делди.

Германиянын Дюссельдорф аэропортунан Ирактын Эрбил шаарына барууну каалаган делегациянын полиция тарабынан өлкөдөн чыгуусуна уруксат берилген жок.

Полиция, Гамбург штатындагы Солчул партия тобунун тең төрагасы жана провинциялык кеңештин эл өкүлү  Жансу Өздемир кирген делегациянын «Германиянын аброюна доо кетирүү коркунучу» деген негизде өлкөдөн чыгып кетүүсүнүн алдын алгандыгын жарыялады.

Полициянын өкүлү өз билдирүүсүндө, Өздемир алгач провинрциялык кеңештин мүчөсү экенин айтпагандыгын, кийинчерээк анын депутат болгонун билишкендигин айтып, адвокаттарынын арызынан кийин Өздемир полиция тарабынан бошотулган.

Суракка алынган айрым башка делегация мүчөлөрүнүн өлкөдөн чыгуусуна тыюу салынганы бөлүшүлдү.



Тектеш кабарлар