Сиси мураскор ханзаада Салман менен жолугушту

Сиси Фейсбуктагы расмий баракчасынан билдирүү жасады.

1656477
Сиси мураскор ханзаада Салман менен жолугушту

Египеттин президенти Абдул Фаттах ас-Сиси Сауд Аравиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммед бин Салман менен жолугушту.

Сиси Фейсбуктагы расмий баракчасында жарыялаган билдирүүсүндө, Египеттин Шарм-эш-Шейх шаарында мураскор принц Салман менен жолугушуу учурунда эки өлкө ортосундагы биргелешкен мамилелерди өнүктүрүүнүн жолдору талкууланганын маалымдады.

Салманды "бир тууганы" деп мүнөздөгөн Сиси, жолугушуунун жүрүшүндө жалпы маанидеги аймактык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу болгонун белгиледи.

Сиси ошондой эле Египет менен Сауд Аравиясын расмий жана расмий эмес деңгээлде байланыштырып турган эң сонун мамилелерге сыймыктанарын билдирди.

Салман 2018-жылы 5-мартта кызматына киришкенден бери чет өлкөгө биринчи сапарын Египетке жасаган болчу. 



Тектеш кабарлар