Кытайда дагы бир өндүрүштүк кырсык болду
Кырсыкта 8 адам каза болуп, 3 адам жаракат алды.
Кытайдын Гуйчоу провинциясындагы Гуйянд шаарындагы бир заводдо химиялык уулануудан 8 адам каза болду.
Жетекчилер химиялык заттардын заводдун жумушчулары курт - кумурскалар үчүн чыгарылган дары - дармектерде колдонулган метилди унаадан ташып жатканда төгүлгөндүгүн билдиришти. Заводдо кырсыкиа 8 адам каза болуп, 3 адам жаракат алды.
Кырсык тууралуу тергөө иши баштатылды.
Кытайда акыркы жылдарда химиялык заттарды кайра иштетүүгө байланыштуу өлүмгө алып келген кырсыктар жүздөгөн адамдардын өлүмүнө сеебп болду.
2019-жылы чыгыш Цянсу провинциясындагы химиялык заводдо жарылуу болуп, 78 адам каза болгон.
Тектеш кабарлар
Израилдик министр: "Газа жок кылынсын"
Безалел Смотрих, Согуш Кеңешинин жыйынынан кийин X социалдык медиа баракчасынан билдирүү жасады.