Дүйнөдө иштеген балдардын саны 160 миллионго жетти

160 миллион баланын арасында кооптуу жумуштарда иштеген 5 жаштан 17 жашка чейинки 79 миллион бала бар.

1656589
Дүйнөдө иштеген балдардын саны 160 миллионго жетти

Дүйнө жүзү боюнча иштеген балдардын саны 160 миллионго жетти.

Эл аралык Эмгек Уюму (ЭЭУ) жана БУУнун Балдарга жардам фонду (ЮНИСЕФ) акыркы төрт жылда жумушчу катары иштеген балдардын саны 8,4 миллионго көбөйүп, дүйнө жүзү боюнча 160 миллионго жеткенин билдиришти.

Иштеген балдар: 2020-жылдын божомолдору, тенденциялар жана келечектеги кырдаалга байланыштуу отчетторго караганда, керектүү чаралар көрүлбөсө 2022-жылдын аягында иштеген балдардын саны 169 миллионго жетиши мүмкүн.

160 миллион баланын арасында кооптуу жумуштарда иштеген 5 жаштан 17 жашка чейинки 79 миллион бала бар. 5-11 жаштагы балдардын 28 пайызы жана 12-14 жаштагы балдардын 35 пайызы мектепке барбай эле.

Бул балдардын 72 пайызы үй-бүлөлөрү менен иштешет. Азия жана Тынч океан аймагында иштеген балдардын көрсөткүчү 13,3 пайыздан 5,6 пайызга, Латын Америка жана Кариб деңизинде 10 пайыздан 6 пайызга чейин төмөндөдү. Сахаранын түштүк тарабындагы Африкада болсо 2008-2012-жылдар аралыгында төмөндөгөнүнө карабастан 2012-жылы 21,4 пайыз болгон катыш 23,9га чейин көбөйдү.



Тектеш кабарлар