НАТОдон Украинага толук колдоо

Столтенберг өзгөчө Украинанын реформаларынын НАТО тарабынан колдоого алынарын баса белгиледи.

1656019
НАТОдон Украинага толук колдоо

14-июнда НАТОнун саммитинин алдында НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Украинанын президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүп, НАТОнун колдоосун билдирди.

НАТОдон берилген маалыматка караганда башкы катчы Йенс Столтенберг менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин ортосундагы телефон аркылуу сүйлөшүүдө Украина ичинде жана айланасындагы коопсуздук абал,  Россиянын аймактагы аскерлери талкууланды. Столтенберг НАТОнун Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин толук колдой тургандыгын айтып,  бул өлкөнү мындан ары да колдой беришерин баса белгиледи.

Столтенберг өзгөчө Украинанын реформаларынын НАТО тарабынан колдоого алынарын баса белгиледи.

 



Тектеш кабарлар