Ангела Меркель : "Ковид - 19 бейтап санындагы абалдар кубантуучу"
Германиянын канцлери Ангела Меркель Германияда коронавирус бейтап санынын төмөндөшүнөн кубанычтуу экендигин айтты.
Германиянын канцлери Ангела Меркель Германияда коронавирус бейтап санынын төмөндөшүнөн кубанычтуу экендигин айтты.
Меркель штат премьер - министрлери менен өткөргөн онлайн режимдеги сүйлөшүүдөн кийинки пресс - жайында Ковид - 19 эпидемиясындагы абалдар тууралуу карап чыгышкандарын белгиледи.
«Учурдагы Ковид - 19 бейтап санындагы абалдар кубантуучу»,- деген Меркель акыркы айлардагы аракеттердин жыйынтыгын бергендигин айтты. Меркель бул тууралуу ыңгайлуу аба шарттарынын да салым кошкондугун жана эмдөөдөгү ийгиликтин байкалгандыгын айтты.
Бирок Ковид - 19дун жок болуп кетпей тургандыгын эскерткен Меркель Британияда, биринчилерден болуп Индияда чыккан Ковид - 19дун «Дельта» вариантынын ылдам жайыла башташынан улам тынсызданып жаткандыгын билдирди. Меркель элди этият болууга чакырып, эпидемиядагы абалды дайыма көзөмөлдөп туруу керектигин айтты.