Йеменде 11 журналист барымтада

Йеменде Иран колдогон хусилер жана террордук уюм Ал Каиданын колунда 11 журналисттин бар экендиги жарыяланды.

1655367
Йеменде 11 журналист барымтада

 Йеменде Иран колдогон хусилер жана террордук уюм Ал Каиданын колунда 11 журналисттин бар экендиги жарыяланды.

Йемен журналисттер профсоюзу «Йемен журналисттер күнүнөн» улам жарыялаган жазуу түрүндөгү маалыматта өлкөдөгү басма сөз кызматкерлеринин абалы тууралуу маалымат берди.

Маалыматта : «Йемен журналисттер күнү келди жана 11 журналист хусилер менен Аль Каиданын колунда»,- деп билдирилди. Журналисттердин онунун хусилер, бирөөсүнүн Хадрамевт аймагында Аль Каиданын колунда экендиги баса белгиленди.

2014 -  жылы жарандык согуш башталгандан бери басма сөз органдары менен журналисттерге карата 1400дөн ашуун эреже бузуунун болгондугу  маалымдалды.



Тектеш кабарлар