Путин: «Байден менен жолугушууда чоң жылыш күтпөй элемин»

Путин видеоконференция аркылуу дүйнөнүн алдыңкы маалымат агенттиктеринин жетекчилеринин суроолоруна жооп берди.

1652075
Путин: «Байден менен жолугушууда чоң жылыш күтпөй элемин»

Россиянын президенти Владимир Путин, Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден менен өткөрө турган жолугушуусуна байланыштуу кандайдыр бир чоң жылыш күтпөгөнүн айтты.

Путин Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумдун алкагында, орус маалымат агенттиги ТАСС тарабынан уюштурулуп Анадолу Агенттигинин (AA) башкы директорунун орун басары жана башкы редактору Юсуф Өзхан да катышкан видеоконференцияда дүйнөнүн алдыңкы маалымат агенттиктеринин жетекчилеринин суроолоруна жооп берди.

Россия менен АКШнын ортосундагы карым-катнаштарга токтолгон Путин, АКШнын эки тараптуу мамилелерди начарлатканына көңүл буруп: «Россия-АКШ мамилесин мындай абалга алып келген биз эмеспиз»,- деп сереп салды. Эки өлкөнүн бири-бирин урматташы жана бири-биринин кызыкчылыгын эске алышы керектигин баса белгилеген Путин, АКШнын президенти Жо Байден менен 16-июнда Швейцариянын Женева шаарында жолугушарын эске салды. Путин: «Бул жолугушуунун натыйжалары боюнча чоң өзгөрүү күтпөй элемин. Бирок карама-каршылыктарга карабастан биздин кызыкчылыктарыбыз дал келет», деди.

Байдендин тажрыйбалуу саясатчы экендигин айткан Путин, жолугушуунун конструктивдүү болоорун үмүт кылганын айтты.



Тектеш кабарлар