Пакистанда куралдуу кол салуу болду

Кол салууда 2 полиция кызматкери каза болду.

1651643
Пакистанда куралдуу кол салуу болду

Пакистандын борбору Исламабад шаарында белгисиз адамдар тарабынан жасалган куралдуу кол салууда эки полиция кызматкери каза болду.

Пакистандын ички иштер министри Шейх Рашид Ахмед борбор шаарда террордук кол салуулардын көбөйүп баратканына көңүл буруп : «Кечээ кечинде эки полиция кызматкери шейит болду. 2018-жылдан бери борбор шаарда 9 полиция кызматкери шейит болду", - деди.

Афганистандан келген чек арадагы кол салууларды токтотуу үчүн эки өлкөнүн ортосунда тосмолордун көпчүлүгүнүн курулуп бүткөнүн айткан Ахмед, калган 12 пайызынын 2 айдын ичинде бүткөрүлөрүн билдирди.

Ахмед Пакистандын Иран менен чек арасынын дагы тосулганын, мунун да бир жылдан кийин бүтөөрүн айтты.

Полицияга карата жасалган кол салуунун террор менен байланышынын бар же жок экендиги белгисиз.

Бир тараптан террордук уюм Пакистан Талибанынын  борбор шаардагы кол салуу үчүн жоопкерчиликти мойнуна алгандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар