Нигерияда медреседен уурдалган балдар

Уурдалган окуучулардын саны 136 экени маалым болду.

1651782
Нигерияда медреседен уурдалган балдар

Нигерия Нигер штатына караштуу Тегина аймагындагы Салиху Танко медресесинен 30-майда уурдалган окуучулардын саны 136 экени маалым болду.

Нигер штатынын губернаторунун орун басары Ахмед Кетсо басма сөзгө билдирүү жасап, уурдалган окуучулардын  үй-бүлөлөрү менен байланышып, алардын так саны аныкталганын билдирди.

Кетсо : «Жалпы 136 окуучунун уурдалгандыгын тастыктай алабыз»,- деди.

Салиху Танко медресесине 30-майда болгон кол салууда бир адам каза болгон. Уурдалган окуучулардын он бири баса албай турганчалык кичинекей болгондуктан эркин койо берилген.

Куралчан адамдар медресенин директоруна балдарды бошотуу үчүн 110 миллион Нигерия наирасы (болжол менен 2,29 миллион лира) кун талап кылышкан. Өкмөт болсо балдарды бошотуу үчүн кун төлөбөй тургандыгын жарыялаган. Президент Мохаммед Бухари уурдалган окуучуларды тезинен бошотууга чакырган.



Тектеш кабарлар