Кытайда 5 күндө 400 000ден ашуун жуп үйлөндү

Кытайда Ковид  - 19 эпидемиясы менен күрөшүүдөн кийин калыбына келүүнүн башталышы менен үйлөнүү катнашы өстү.

1651727
Кытайда 5 күндө  400 000ден ашуун жуп үйлөндү

 Кытайда Ковид  - 19 эпидемиясы менен күрөшүүдөн кийин калыбына келүүнүн башталышы менен үйлөнүү катнашы өстү. Өлкөдөгү 5 күндүк Жумушчулар майрамында 400 000ден ашуун жуп үйлөндү. Өткөн жылы эпидемиядан улам өлкөдөгү үйлөнүү үлпөттөрүнүн көпчүлүгүнүн кечеңдетилгендиги, калыбына келүүнүн башталышы менен бир нече жуптун Жумушчулар майрамы эс алуусун мүмкүнчүлүк катары колдонгондугу билдирилди.

Расмий сандарга караганда 5 күндө 400 000ден ашуун үйлөнүү үлпөтү өткөрүлдү.

Фотографтар, операторлор жана чач тарачтар сыяктуу кесипкөй кадрларга талаптын күтүүсүздөн жогорулашы менен тойканалар менен компаниялар кызмат көрсөтүүдө кыйынчылыктарга туш болушту.



Тектеш кабарлар